Эрлан Андашев - Бөлүнбө  (CONCERT)
Слушать
Скачать
Mp3lar
На этой странице Вы можете скачать новую песню Эрлан Андашев - Бөлүнбө  (CONCERT) в mp3 бесплатно или слушать музыку Эрлан Андашев - Бөлүнбө  (CONCERT) - онлайн, со своего телефона в любое время.

Эрлан Андашев - Бөлүнбө  (CONCERT)

!
  • Артист: Эрлан Андашев
  • Размер: 7.19 mb
  • Длительность: 03:09
  • Качество: 320 kbs
  • Дата релиза: 22.03.2024
Трек в подборках: значение поля или модуль?
The administration always comes in contact with the authors, you can send complaints to the postal address:

rekuztim@gmail.com

Текст песни
Ала-Тоонун боорунда,
Ак барс жатат карачы.
Ал тоолорду ээлеген,
Мен кыргыздын баласы.

Деген менен алыстап,
Бир туугандар арасы.
Таарынычты толтурган,
Көңүлдөрдүн жарасы.

Мекен деген жаштардын,
Кыркылууда канаты.
Бабалардын калтырган,
Кайда калды санаты?

Душмандашып бөлүндүк,
Таба албай арачы.
Качан туулат билбеймин?
Кыргыздын эр Манасы.

Кайырма;
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө.


Кыраандар канаты,
Канаты чабылды.
Караңгы түн болуп,
Калп жалаа жабылды.
Кыргызга күйгөндөр,
Душман деп табылды.
Тартуулап кетишкен,
Эгемен таңымды.
Аталар бейити,
Ааламга жаңырды….

Арнагын Мекенге,
Каныңды, жаныңды.
Жумшагын өсүүгө,
Бардык күч алыңды.
Бөлүнбөй сактагын!
Намысың арыңды!!!


Чоңдорго да айла жок,
Сөзү ширин балкытат.
Дагы канча билбеймин?
Хандын башын хан жутат.

Айыл, көчө, урууга,
Түрү менен бөлүндүк.
Дүйнө кезип чачырап,
Азайдык да, төгүлдүк.

КАЙЫРМА:
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө.


Коштогон азаптар,
Кор кылган сапаттар.
Кыргызды жок кылган,
Эки-үч адат бар.

Тариздеп карайын,
Баардыгын санайын.
Ачыгын айтамын,
Жектебе агайын!

Жүрөктү канатат,
Көңүлдө кара так.
Көпчүлүк негедир,
Көрө албас, ичи да
Тар болуп баратат.
Жаманын жок кылбай,
Баарына таратат.
Эл кайда баратат???


Кайда бара жатасың?
Хан кыргыздын тукуму?
Араздашпай алыстап,
Биригүүнүн учуру!!!

Ырылдашсак ырк кетип,
Душман күлөт табалап!
Аталардан таберик,
Ата Журтум - аманат.

КАЙЫРМА:
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө